Энергетиктер тарифти көтөрүүнү сунушташты (видео)

846

Улуттук энергохолдинг компаниясы электр энергиясына болгон бааны көтөрүүнү сунуштап чыкты. Аткаминерлер болгондо да социалдык тарифти, тактап айтканда, карапайым калк колдонуп жаткан 700 кВтка чейинки 77 тыйынды, 1 сом 70 тыйынга көтөрүү керектигин айтышкан.

Мындай пикир дароо коомчулукту тынчсыздандырып, бир катар нааразычылыктар айтыла баштады. Бирок тиешелүү аткаминер бул пикир сунуш катары эмес, ишкерлер ортосунда гана айтылган сөз болгон деп ишендирүүдө. Тариф саясатын жөнгө салган комитет да коомчулукту тынчсызданбоого чакырды.