Энергетиктер жана медиктер нааразычылык акциясына чыгышты (видео)

3086

Бишкек шаарында митингдер токтой элек. Энергетиктер жана медиктер нааразычылык акциясына чыгышты. Республикалык наркологиялык борбордун кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына чогулушту Алар иштеп жаткан имарат тери-венерологиялык диспансерге берилип жатканына нааразы болушту.

Ошол эле убакта Чыгыш, Батыш жана Аламүдүн РЭСинин кызматкерлери жумушун таштап, жетекчиликке иш билген адам келсин деген талаптарды коюшту. Алар Улан Астаркуловдун “Түндүк электр” ишканасынын директору катары дайындалышына каршылыгын билдиришти.