Энергохолдинг ишенимди актаган жок! (видео)
958
«Улуттук энерго холдингди» жоюп, кайрадан «Энергетика министрлигин» түзүү керектиги айтыла баштады. Депутаттардын пикиринде, тармактагы бир катар ири долбоорлор ийгиликсиз болуп, ал эми энерго компаниялардын айрым жетекчилери камалып, сурак берип жатканы — «Энергохолдинг» түзүү чечими жаңылыш болгонунун далили. Себеби ири потенциалы бар, өлкөнүн бюджетин толтура турган мекеме бүгүнкү күндө киреше бербей, тескерисинче, чыгашалуу болуп калды. Ал эми азыркы «Энергохолдингдин» түзүлүп иштей баштаганына 3 жыл болгонуна карабай, анын укуктук негизи жок экен. Мекеменин жетекчиси болсо, тармактагы компанияларга көз каранды болгондуктан, эч кимди кызматтан да ала албайт, жазалай да албайт. Тармакты реформалоо зарылдыгын экономисттер да колдойт.