Энергокомпанияларды бириктирүү — 1 млрд сомду үнөмдөйт (видео)

1360

Өлкөдөгү электр энергиясын бөлүштүргөн ири компанияларды бириктирүү демилгеси Коопсуздук кеңешинин кароосуна жөнөтүлдү. Ал жактан макулдук болсо эле, маселе Жогорку Кеңеште каралып, андан соң аны ишке ашыруу аракеттери башталат.

Жетекчилердин айтымында, энергокомпанияларды бириктирүү аракети электр энергиясынын чар-жайыт чыгымдалуусунун жана тарифке күч келүүсүнүн алдын алып, жалпысынан 1 миллиард сомдон ашык каражатты үнөмдөйт. Өз кезегинде бул демилге эксперттер арасында да кызуу талкууну жаратууда. Пикирлер болсо ар кандай.