Энеси эс учунан танганча сабаган 2,5 жаштагы наристе чарчап калды

1233

Ош шаарында энеси эс учунан танганча сабаган 2,5 жаштагы наристе чарчап калды. Бир жума мурда ооруканага оор абалда түшүп, ушул күнгө чейин комада жаткан Бексултандын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок.

4-февралда бир аял 2 жаш 8 айлык уулун жыгылып кетти деп дарыгерлерге алып барган. Аны текшерүү учурунда наристенин денесинде когала тактар болуп, ички органдары жабыркаганы жана мээсине кан уюп калганы аныкталган.

Тергөөдө энеси баласын шымын булгап койгону үчүн депкир менен сабаганын моюнга алган. 24 жаштагы аялга карата “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Бирок наристе чарчап калгандыгына байланыштуу ага коюлган айып күчөтүлүп, өз баласын мыкаачылык менен урган аял эми “адам өлтүрүү” беренеси боюнча күнөөлөнүп жатат.