Эпид.кырдаалга байланыштуу театрлар кайра жабылды (видео)

836

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуй баштаганына байланыштуу маданий жайлар четинен жабыла баштады. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында карантин жарыяланса, бүгүн Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры көрүүчүлөр үчүн эшигин жапты.

Азырынча эки маданий жай качан иштей баштайт айтыла элек. Бул Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абалдан көз каранды. Ал эми Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры 1-майда боло турган сахна оюнуна кызуу даярдыктарды көрүүдө.