Эрдиги көөнөрбөс ардагерлер (видео)

1400

Быйыл Улуу Жеңишке 73 жыл. НТС телеканалы эрдиги унутулгус согуш ардагерлери жөнүндө баяндардын циклын баштайт. Бишкек шаарында азыр Улуу Ата Мекендик согуштун 300дөй эле ардагери калды. Алардын арасында 94 жаштагы Садыр Мамбетходжаев бар. Миңдеген чакырымдарды жөө басып, башынан катаал күндөрдү өткөргөн карыя 18 жашка толо элегинде кан майданга аттанган. 1943-жылы алгачкы жолу колуна курал кармап, көптөгөн оор салгылаштарды башынан өткөргөн ардагер, согуштан кийин Мекенине дароо эле кайтып келген эмес. Фашисттик Германия талкалангандан кийин, Японияга каршы согушка катышып, кийинчирээк Камчаткада чек ара кайтарып турган. Согуштагы эрдиктери үчүн аксакал 30дан ашуун медаль, ордендер менен сыйланган.