Эрдоган президенттик жана парламенттик шайлоодо жеңишке жеткенин билдирди

748

Түркия президенти Режеп Эрдоган бейрасмий жыйынтыктар боюнча биринчи айлампада эле жеңишке жетишкенин жана ал жетектеген “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы парламенттик көпчүлүккө ээ болгонун билдирди.

“Калк мага президенттик жана аткаруу бийлиги үчүн жоопкерчиликти ишенип берди”, -деди 64 жаштагы Эрдоган.

Түркиянын мамлекеттик ММКлары билдиргендей, добуштардын 94% ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча президент Режеп Тайип Эрдоган 52,86% менен алдыда.

Анын башкы атаандашы, оппозициядагы Республикалык — элдик партиясынын талапкери Мухаррем Инже 30,75% менен экинчи, абактагы саясатчы, Элдик -демократиялык партиянын лидери Селахаттин Демирташ 7,94% үчүнчү, “Жакшы” партиясынын лидери Мерал Акшенер 7,45% добуш менен төртүнчү орунда.

Ал эми парламенттик шайлоодогу добуштардын 80%дан ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы менен улутчул Улуттук кыймыл партиясы түзгөн “Элдик альянс” 43% менен алдыда.

Эрдоган 15 жылдан бери бийликте – алгач премьер, 2014-жылдан тарта президент болгон.

2017-жылы Конституцияга өзгөрүү киргизилип, Түркия парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга багыт алган. Ошондон бери бул өлкөдө биринчи жолу шайлоо өттү.