Эрдоган: Түркия Крымдын аннексияланышын тааныбайт

735

Түркия президенти Режеп Эрдоган Крымдын аннексиясын тааныбай турганын билдирди. Анын айтымында, Түркия Украинанын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоону улантат. Бул тууралуу Эрдоган Киевде Украина президенти Петр Порошенко менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди.
Эрдоган жарым аралдагы маселе “кылдаттыкты” талап кыларын айтып, Анкара крымдык татарларга жардам берүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады.

Маалымат жыйынында Порошенко Донецк жана Луганск облустарында БУУнун тынчтыкты орнотуу күчтөрүнүн кеңири орун алышына Түркия жардам берет деп ишенип жатканын билдирди.

Эрдоган менен Порошенконун Киевдеги жолугушуусу үч саатка созулду. Мамлекет башчылары туризм, энергетика, аскер жана коргонуу өндүрүшү тармагындагы кызматташууларды талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү бир нече келишимдерге, анын ичинде инвестицияны биргеликте коргоо, кош салык стандартын жоюуга кол коюшту.