Эрдоган: Түркия Сирия менен чек арасын террорчулардан тазалайт

696

Түркиянын президенти Режеп Эрдоган өлкөнүн Сирия менен чек арасын толугу менен «террорчулардан» тазалай турганын билдирди. Түркиянын Сириянын түндүк-батышындагы Африн аймагындагы аскердик операциясы эки жумадан бери уланууда.

Эрдоган өзүнүн «Адилет жана өнүгүү» партиясынын съездинде сүйлөп жатып, чек ара жоочулардан толук тазалангандан кийин Түркия аймагында жүргөн сириялык качкындар өз мекенине кайтса болорун айтты.

Андан тышкары Эрдоган түрк аскерлери жана союздаш сириялык топтор аймактагы стратегиялык маанидеги дөңсөөлөрдү басып алышканын кошумчалады.

Күрт милициясы менен Адам укуктарына көз салуу боюнча Сирия борборунан кабарлашкандай, күрттөрдүн Африн анклавы менен Түркиянын көзөмөлүндөгү Азаз шаарын бөлүп турган Бурсая дөңсөөсү үчүн айыгышкан күрөш жүргөн. Күн мурун түрк аскерлери сирия оппозициясындагы союздаштары менен бирге аталган дөңсөөдөн күрт кошуундарын сүрүп чыгаргандыгын билдиришкен.

Түркия АКШ колдоп жаткан күрт кошуундары жайгашкан Африн районунда аскердик операцияларын жүргүзүүдө. Түркия бийлиги күрт кошуундарын террористтик уюм катары эсептейт.