Ереван: каршылыктарга карабай Саргсян премьер-министрликке көрөтүлдү

681

Еревандагы толкундоолорго карабай Армения парламентинин эки фракциясы — Республикалык фракция жана Армян революциясынын федерациясы (Дашнакцутюн) бир добуштан мурдагы президент Серж Саргсяндын талапкерлигин премьер-министрликке көрсөттү. Парламентте добуш бүгүн,17-апрелде болору күтүлүүдө.

Экс-президенттин бийликке кайра келишине каршы чыккан миңдеген армяндар төрт күндөн бери баш калаада нааразылык акциясын улантышууда. Дүйшөмбүдө алар жолдорду, метролордун кире беришин жана айрым көпүрөлөрдү торошту.

Ал эми айрымдары парламент имаратын курчаган тикенек торду жырып өтүп, кирүүгө аракет кылышканда полиция менен кагылышып, жаракат алышты. Алардын арасында демонстрациянын уюштуруучусу, оппозициячыл депутат Никола Пашинян да бар. Ал колун оорутуп алганына карабастан күрөштү токтотпостугун билдирди.

2015-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, өлкө парламенттик башкарууга өтүп, премьер-министрдин бийлиги күчөтүлүп, өлкөдөгү биринчи кишиге айланган.

Арменияны он жыл башкарган Серж Саргсян мөөнөтү бүткөндө президент да, премьер да болбойм деген. Бирок убадасынан тайып, орусиялык «Известия» басылмасына берген акыркы маегинде премьерликти көздөп турганын бышыктады.