Эрезеге жете электе эмгекке тартылгандар (видео)

723

Өлкө боюнча 276 миңден ашуун жашы жете элек бала эмгекке тартылган. Бул расмий көрсөткүч. Бирок иш жүзүндө кара жумушка тартылган балдардын саны мындан да көп болушу ыктымал. Адистердин айтымында, эрезеге жете электердин эмгекке тартылышына миграция, жумуш орундарындын жетишсиздиги, ата-энелердин сабатсыздыгы түрткү болууда.

Эл аралык эмгек уюму бул көрүнүштү жоюу максатында Кыргызстанда 2020-жылга чейин иштей турган иш пландарды жана долбоорлорду бекитишкен. Анын алкагында, камкордука муктаж болгон үй-бүлөлөр аныкталып, материалдык жардам көрсөтүлүп, жеке ишмердүүлүктү жүргүзүү боюнча окутуулар уюштурулган.