Эрежесир эр уруш боюнча Кыргызстан 3-орунда (видео)

1848

Казакстандын Астана шаарында болгон ММА чемпионатынын катышуучулары мекенине кайтып келишти. Кыргызстандын аралаш мушташ боюнча курама командасы куржунуна бир күмүш, төрт коло байге топтоп 3-орунду ээлеген. Дүйнө биринчилигине жалпысынан 27 өлкөнүн 150гө жакын спортчусу катышкан. Кыргызстандык мушкерлердин бул көрсөткүчүн ММА федерациясынын жетекчиси орто деп эсептейт. Анткени аталган уюм негизделгенден бери спортчулар Азия жана Дүйнөлүк биринчиликтерине катышып, бирок 5-6- орундарда гана болуп келген.