Эркек эл өкүлдөрү төрайымга каршы чыгышты (видео)

2712

Жогорку Кеңештеги транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрү төрайымына каршы чыгышты. 14 эркек депутат парламенттеги жалгыз төрайымды артка чакыртып алуу боюнча спикерге кайрылышкан.

Эл өкүлдөрү Махабат Мавлянова комитеттин ишин ырааттуу жана калыс алып барбай, айрым маселелерди өз алдынча чечип жатат деп айыптап жатышыптыр. Мавлянова өзү болсо маселенин баары комитеттин төрагалык кызматында дейт. Анын айтымында, бул орунга кайсы бир депутаттын көзү түшүп жатат.