Эрте турмуш курууга мажбурлоо кандай жазаланат? (видео)

1874

Жашы жете элек кыздар менен никеге туруу фактылары бар, бирок жазалангандар жокко эсе. Мисалы, былтыр Ош областында эле 18ге чыга элек өспүрүм кыздарга нике кыйуу боюнча 10 дон ашуун факты катталып, алардын көпчүлүгү Араван районунда болгон. Жергиликтүү бийлик бир учур боюнча күнөөлүү тарап шарттуу кесилип, ал эми экинчисинде ири суммада айып салынганын билдирүүдө. Бирок бул олуттуу мыйзам бузууга байланыштуу Ош областтык сотуна бир эле кылмыш иши келип түшкөнү белгилүү болду. Ал эми кайсы тарап 100 миң, 200 миңдеп айып төлөгөнү да белгисиз. Жаш кыздарды эрте турмуш курууга мажбурлоо кандай жазаланат?