Эртең Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат

723

Эки күндүк визит учурунда чек ара маселелери жана соода-экономикалык кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн чек арасынын талаштуу 40 чакырымы боюнча маселе чечилди.

Өлкө башчысынын иш сапары учурунда кыргыз-озбек бизнес форуму дагы өтүп, ага биздин өлкөдөн 250 ишкер катышат деп күтүлүүдө. Президенттердин жолугушуусунда энергетика маселелери дагы талкууланып, Камбар-Ата 1 долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. Визиттин жыйынтыгы менен 15 документке кол коюлат деп пландалган.