Эртең карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт

1095

Электр кубаты үчүн өз убагында төлөбөгөн абоненттердин жарыгы эртеңден тарта өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасы эскертүү таратты. Компаниянын маалыматына караганда, 1-сентябрга карата республикалык бюджеттен каржыланган мекемелердин карызы 8,5 миллион сомду түзөт, ал эми жергиликтүү казынага көз каранды ишканалардын бересеси 3,8 миллион сомго жеткен.

Алсак, эң көп карыз азыр Жаза аткаруу кызматынын алдындагы күзөт жана кайтаруу департаменттиники. Бул мекеме электр жарыгы үчүн 600 миң сомдон ашык акча тогушу керек. Бересесин жаба албай жаткан ишканалардын катарын Бишкек жогорку аскер окуу жайы, тарых музейи, цирк, онкология, хирургия борборлору, Улуттук илимдер академиясы, мэриянын башкармалыктары толуктайт.