Эртең Конституция толук кандуу иштей баштайт (видео)

810

Былтыр референдумда өзгөртүүлөр киргизилген Конституция эртеңден тарта толук кандуу иштей баштайт. 1-декабрда Баш мыйзамдагы 5 берене күчүнө кирип, депутаттар менен өкмөт башчысынын ыйгарым укуктары кеңейтилет. Былтыр бул статьяларга мыйзамдык актыларды кабыл алуу зарылчылыгы жаралып, бир жылга калтырылган болчу. Эми парламенттеги коалиция ыдыраса, төраганы да кайра шайлоо керек болот. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министрлик же биринчи вицелик кызматка барса дагы, мандаты сакталып кала берет. Мындан тышкары, өкмөт башчы бир катар маселелерде президентке көз каранды болбой калат.