Эртең окууга: базардагы ажиотаж (видео)

1499

Эртең өлкөдөгү бардык мектептерде алгачкы коңгуроо кагылат. Пандемиядан бери мектеп, бала бакча жана университеттер эми гана салттуу билим берүүгө өтүп, эшигин ачууда. Жаңы окуу жылы оффлайн режимде башталаары жакында эле айтылгандыктан, ата-энелердин көбү балдарын сабакка даярдоону кеч башташкан.

Мындан улам базарлар кардарларга батпай, сатуучулардын соодасы кызыды. Бирок кымбатчылык көпчүлүктүн капчыгын кагып, ата-энелер акчасын жеткире албай кыйналышууда.