Эртеңден тарта Бишкекте «Коопсуз шаар» долбооруна старт берилет

887

Жол эрежесин бузган айдоочулардын үйүнө айып протоколдору келе баштайт. Долбоордун алкагында, борбор калаада ылдамдыкты жогорулатып айдаган автоунаалар менен карама-каршы тилкеге чыккан машиналарды аныктоочу жети көчмө радар иштетилет.

Эрежени бузуп каттоого алынган автоунаалардын номуру «Инфоком» ишканасына жөнөтүлөт. Ал жактан айып пулдун өлчөмү аныкталып, үч күндүн ичинде «Кыргыз почтасы» аркылуу унаа ээсине жиберилет. Видеокамералар жети эреже бузууну каттайт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.