Эртеңден тарта Бишкекте жылуулук берүү сезону башталат

918

Алгач мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйү жана башка социалдык мекемелерге берилет. Андан соң, карызы жок турак жайлар, өндүрүш ишканалары жылуулук менен камсыздалат.

«Бишкек жылуулук түйүнү» мекемеси шаардыктарды кышында үзгүлтүксүз камсыз болуу үчүн ысык сууга жана жылуулукка акчаны өз учурунда төгүүнү өтүнөт.

Бул жылы жаңы сезонго карата 7,5 чакырым түтүк оңдолуп-түзөлгөн.