Эрулан Көкүлов Жогорку Кеңештин ашканасын да текшереби? (видео)

2229

Президент Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясынын 30 пайыздык гендердик квота боюнча чыгарган чечими тууралуу пикирин билдирди. Өлкө башчысы тараптарга комиссия түзүп, БШК менен биргеликте кайра санап чыгууну сунуштады. Президенттин айтымында, эсептөөдө “Альянс” партиясында аялдардын квотасы 30 пайыздан ашып, Жанар Акаевдин мандаты тартып алынганы аныкталса, иш козголуп, күнөөлүүлөр жазаланат.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча жетинчи чакырылышта аялдардын саны 30дан аз болбошу керек эле. Бирок бир мандаттуу округдардан кыз-келиндер утуп чыкпагандыктан, партияларга каралган 54 депутаттык орундун отуз пайызы, тагыраагы 17 мандат айымдарга берилүүдө. Жаңы чакырылыштын курамында азыркы 20 депутат дагы бар. Мындан тышкары, акушер, акын-жазуучу, блогерлер дагы мандатка жетүүдө. Болочоктогу депутаттар кимдер?