Эсептөө палатасы: Тарых музейиндеги 503 экспонат жоголуп кеткен

1411

Тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан улам Бишкектеги Тарых музейиндеги 503 экспонат жоголуп кеткен. Муну Эсептөө палатасы 5 жылдык инвентаризациянын негизинде аныктап чыкканын Коопсуздук кеңеши билдиришти. Буга кошумча музейдин баалуу металлдар фондунан 29 музей экспонатынын да кайда экени белгисиз.

Ошондой эле, Михаил Фрунзе атындагы үй-музейинде да 100гө жакын буюм жоголгон. Бирок экспонаттардын жоголуп кетиши боюнча убагында укук коргоо органдарына арыз берилбегени жана тиешелүү жетекчилер тарабынан эч кандай чара көрүлбөгөнү да белгиленди.

Ал эми Тарых музейинин директору Анаркул Исиралиева болсо, жоголгон экспонаттар 10 жылдан бери табылбай жатканын билдирди. Анын айтымында, алар 2004, 2005, 2007-жылдары жоголгон.

Убагында бул тууралуу Башкы прокуратурага Эсептөө палатасына маалымдалган жана тиешелүү коллегиянын чечими бар, дейт музейдин жетекчиси.