Эски дарылар жаш балдарга да сатылган (видео)

2248

Дарыканаларга колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектерди сатып жүргөн фармацевтикалык компания боюнча тергөө улантылууда. Баарынан кооптуусу импорттук препараттардын ичинде балдарга керектүү делген дарылар болгон. Ал арада Саламаттыкты сактоо министрлиги ички аудит жүргүзүп, анын жүрүшүндө 17 медициналык мекеме жана жеке фармацевтикалык компанияда мыйзам бузуу аныкталганы белгилүү болду.

Чогултулган материалдар укук коргоо органдарына берилген. Ошол эле учурда бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдаланган айрым жетекчилер күнөөлөрүн моюнуна алып, өз ыктыярлары менен чыгымды төлөп берип жатышканы да айтылды. Бирок алар кайсы аткаминерлер жана канча кайтарышканы ачыкталган жок.