Эски нан таштандыга ыргытылбай, тоютка айланат (видео)

5204

Нан болсо ыр болот, нан ыргыткан кор болот! Дал ушундай ойду билдиргиси келген активисттердин тобу Бишкек шаарындагы таштанды жайларынын жанына кошумча үкөктөрдү орнотушууда. Нан гана ташталуучу мындай челектердин 130 даанасы 1 жума мурда борбордун 2 районуна коюлду.

Эми активисттер аны дагы көбөйтүп 1000ден ашырууну көздөп жатышат. Айтымдарында, ал челектерден чогултулуп алган нан малга тоют болуп кайра иштетилет экен. Учурда активисттердин мындай демилгесин шаар тургундары кызуу колдоп жатышат.