Эски өкмөткө жаңы министрлер кошулат (видео)

649

«Саясий кызматтар жөнүндө” мыйзам кабыл алуу зарыл, дешүүдө Жогорку Кеңештеги оппозициячыл депутаттар. Алардын айтымында, жогорку кызматтарга бара тургандар үчүн талаптар жана тандоо критерийлери так жазылышы зарыл. Болбосо айрым жетекчилик кызматтарга тармактан алыс кадрлар келип калып, мекеменин иши начарлап, айрым аткаминерлердин жоруктары өлкөнүн аброюна шек келүүдө.

Ал арада өкмөт башчысы Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады. Ошондой эле, Маданият министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүгүү мекемеси да жетекчисиз турат. Талдоочулар бул кызматтарга кесиптик деңгээли жогору, тажрыйбасы мол адистерди гана дайындоо керектигин айтышууда.