Эскилиги жеткен китептер качан жаңыртылат? (видео)

1926

Жаңы окуу жылы башталарына саналуу күндөр калды, бирок мектептерде китеп жетишпейт. Кээ бир класстын окуучуларына эски, тытылган окуу куралы тийсе, айрымдары китепти ижарага алууга мажбур болушууда. Мисалы быйыл 7-8-9- класстын окуучуларына информатика китеби жетпейт.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, бүгүнкү күнгө карата борбор калаадагы бир дагы мектепке жаңы окуу куралы жеткириле элек. Ошол эле убакта, жаңы окуу жылын утурлай ону өчкөн, эскилиги жеткен окуу куралдары берилип жатканы тууралуу маалыматтар да тарай баштады.