Эскирген тамак-аштар арзан баада сатылып жатабы? (видео)

1027

Кытайдан келген өрдөк, тооктун эти тыюу салынганга карабастан жергиликтүү базарларда сатылып жатат. Бул тууралуу парламентте депутаттар айтып чыгышты. Эл өкүлдөрү Кыргызстандын базарларында кооптуу делген азыктардын сатылып жатканына жол берген аткаминерлердин жоопкерчилигин кароону талап кылышты. Негизи эле, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо боюнча алгылыктуу чара көрүлбөй жатканы айтылды. Айрым эл өкүлдөрү уулануу жана ар кандай илдеттин алдын-алуу үчүн коомдук жайларда тамак-ашты кардарлардын көзүнчө даярдоо ыкмасына өтүү керек дешет.