Эстен кеткис экстер / Жумалык / НТС (видео)

720

Илимий аныктамага ылайык, саясий элита деп — бийликте туруп, маанилүү чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышкан топтун мүчөлөрү аталат. Ошентсе дагы, президент бул жумада мурдагы парламент спикерлери менен өкмөт башчыларын чогултуп, аларды «элита» деп атады. Муну менен мамлекет башчысы соңку 27 жылдан бери Кыргызстанды башкарууга катышкандарга жөн гана сый-урмат көрсөткөндүр. А балким, алардын айрым алгылыктуу кеп-кеңештерине кулак салып, Кыргызстанды башкарууда экс-жетекчилердин сунуштары эске алынаар.

Өлкөнүн 5-президенти менен жолугушууга келген 9 мурдагы премьер-министр менен 13 экс-төраганын арасында чынында эле көпчүлүктүн эсинде калгандары дагы, кызматта турганда деле калың элге байкалбаган жөндөмсүздөрү дагы бар. Сооронбай Жээнбековдун бул демилгесинин дагы бир башка — бери дегенде символикалуу мааниси бар. Ар кайсы жылдары мамлекеттеги экинчи жана үчүнчү адам болгондордун башын бириктирүү менен жалпы улуттук консенсуска мунаасага келүү.

Кыргызстанда 2 төңкөрүш болуп, бир нече шайлоо өткөндөн кийин коом менен саясий чөйрөдө ажырым пайда болгондой. Албетте, анда президент чогулткан экс-жетекчилердин дагы күнөөсү бар.

Башкы күнөөлүүлөр Жээнбековдун жыйынына, баарыбызга белгилүү себептер менен келген жок. Бирок, аларсыз деле  калган чогулгандардын сөзүн угуу кызыктуу болду.