Эт дагы кымбаттайбы? (видео)

620

Акыркы айда эле эттин баасы 50 сомго жогорулады. Тиешелүү мекеменин өкүлдөрү муну быйыл өлкөдө тоюттун кымбатташы менен байланыштырышууда.

Ошол эле убакта, быйыл Кыргызстан жылдагыга караганда чет өлкөгө этти көбүрөөк экспорттоп жаткандыктан, ички рынокто эттин баасы өсүүдө деп түшүндүргөндөр да бар.

Ал эми катардагы сатып алуучулар товардын наркы өсүп жатканына нааразы. Айтымдарында, мал арзандап жатса, эт кымбаттоодо.