Этно-базарда туристтерди кызыктырган эмне бар? (видео)

995

Кырчын жайлоосунда уюштурулган этно базар чет элдиктердин кызыгуусун жаратууда. Ал жакта өлкөнүн ар кайсы дубанынан келген кол өнөрчүлөрдүн эмгектери сатылып жатат. Кыргызстандыктар менен катар эле этнобазарда кошуна өлкөдө жасалган буюмдар да орун алып, чет элдик кол өнөрчүлөрдүн буюмдары дагы кызыгуу жаратууда. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган жарманкеде кардарлардын көңүлүн өзгөчө бурдурган эмгектер дагы бар. Алардын арасында баасы 70 миң сомго жеткен карышкырдын териси көпчүлүктү кызыктырды.