Эттин баасы арзандайбы? (видео)

1876

Сырттан келип жаткан товарлардын ичинен кумшекер, өсүмдүк майы жана мал жандыктардан алынуучу 12 пайыздык кошумча нарк салыгы жокко чыгарылышы ыктымал. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги токтом долбоорун даярдап коомдук талкууга койду. Демилге ишке ашса өлкө бюджетине 45 миллион сомго чукул салык түшпөй калат.

Бирок жакынкы 5 жылда асыл тукум малды көбөйтүү менен чыгымдын ордун толтурса болот деп күтүлүп жатыптыр. Адистердин пикиринде, кошумча нарк салыгын алып салуудан кумшекер, өсүмдүк майынын наркы төмөндөшү мүмкүн, бирок жандыктардын баасы түшпөйт.