Эвакуатор Лексусту жүктөп жатып, түшүрүп алды (видео)

913

Бишкекте эвакуатор туура эмес жерге токтотулган автоунааны жүктөп жатып, түшүрүп алды. Машинаны көтөрүп жатканда дөңгөлөккө тагылган аркандардын бири чыгып кеткен. Андан унаанын капталдары мыйрыйып калды. Эми эреже бузган айдоочуга чыгымды эвакуациялаган компания төлөп бермей болду. Бирок туура эмес токтотулган Лексустун ээси ким экени ачыкталбай жатат. Ал элге таанымал адам экени айтылууда. Белгилей кетсек, Бишкекте 9-январдан тарта ой келди токтотулган унааларды мажбурлап эвакуациялоо башталды. Бирок бир жумага жетпей мындай мүчүлүштүктөр чыгууда.