Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы (видео)

502

Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында киргизилген бажы төлөмдөрүн кайра бөлүштүрүүдө коэффиценти болгон 1,9 пайыз үлүшүн сактап калды. Бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экенин президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Айтымында, эгер бул көрсөткүчкө өзгөртүү киргизилсе, анда бюджетке 5 миллиард сомго жакын каражат түшпөй калуу коркунучу жаралмак. Буйга чейин Армениянын Ереван шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кенештин жыйыны болуп, анда альянстагы бир топ маселелер талкууланды.