Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты арттырууга кызыкдар

959

Европа Биримдиги Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты арттырууга кызыкдар. Бул тууралуу аймактын тышкы иштер министрлери катышкан кеңешменин жыйынтыктары боюнча өткөн брифинг маалында ЕБдин тышкы саясат боюнча жетекчиси Федерика Могерини билдирди.

«Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын ортосундагы мамилелер боюнча стратегиянын анык максаттарын иштеп чыгуу жаатында иш уланууда. Бул жараян уланып жаткандыктан, кандай натыйжалар болорун азырынча айтууга эрте. Бирок бүгүн мен биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн баары Борбор Азия менен кызматташууну каалай тургандыгына ынандым. Бул кызматташтык көйгөйлөргө гана көңүл бурууга эмес, чөлкөмдөгү ички кызматташууну да колдоого багытталат», — деди Могерини.

Ал ошондой эле Борбор Азиядагы бардык беш өлкөдө тең Евробиримдиктин өкүлчүлүктөрүн ачуу чечими кабыл алынганын кошумчалады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.