Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды жарым жылга узартуу ниетинде

615

Бейшембиде Евробиримдиктин лидерлери Крымдын аннексиясы жана Украина чыгышындагы жикчилдерди колдогондугу үчүн Орусияга каршы киргизилген экономикалык санкцияларды дагы алты айга узартуу чечимин бекитишет. Бул тууралуу Брюсселдеги дипломаттарга шилтеме кылып Reuters агенттиги кабарлады.

Орусиянын энергетика, коргонуу жана каржы тармактарына таасирин тийгизген негизги санкциялардын мөөнөтү 2018-жылы январдын соңунда аяктайт. ЕБ лидерлери чектөөлөрдүн мөөнөтүн 2018-жылдын ортосуна чейин узартат деп күтүлүүдө.