Европа комиссиясы АКШ товарлары үчүн бажы тарифтерин бекитти

704

Европа комиссиясы АКШнын аракеттерине жооп катары 2,8 миллиард долларга бааланган америкалык товарлар үчүн бажы төлөмүн бекитти. Жаңы тарифтер 22-июнда күчүнө кирет.

1-июндан тарта ЕБ өлкөлөрүнөн АКШга болот жеткирүүдөгү төлөм 25%, алюминий үчүн 10% түзүп калган. Еврокомиссиянын соода маселелери боюнча өкүлү Сесилия Мальмстрем бул бажы төлөмдөрү Вашинтон өз тарифтерин алганда гана жоюла турганын белгиледи.

ЕБ АКШ тараптан бажы төлөмдөрү киргизген европалык товарларды 6,4 миллиард еврого баалап жатат. Еврокомиссия алдыдагы үч жылда Кошмо Штаттардын дагы 3,6 миллиард евролук товары үчүн тарифтерди киргизүүгө ниеттенип жатат.

Жаңы бажы тарифи киргизилген америкалык товарлардын тизмесинде болоттон жана алюминийден жасалган буюмдар, айыл чарба, кийим, мотоцикл, кайык, ошондой эле жер жаңгак майы, апельсин ширеси, виски, тамеки сыяктуу өндүрүмдөр бар.

Буга чейин АКШга болот менен алюминий ташуу үчүн киргизилген чектөөлөргө жооп катары Орусия бир катар америкалык товарларга кошумча бажы тарифтерин киргизгенин жарыялаган. Жооп чаралары Орусия базарында аналогдору бар товарларга гана тиешелүү болору айтылууда.