ФАПтын курулушу ашкере кымбат болуп калганбы? (видео)

664

Курулушу бүтпөй жатып, жаңжалга кабылган фельдшердик-акушердик пункту. Ош областынын Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Турмуш үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун төрт бөлмөлүү имаратына 4 миллион сом сарпталганына жергиликтүү кеңештин депутаттары нааразы болушууда. Алардын пикиринде, мындай чакан курулуш үчүн бул сумма өтө көптүк кылат.

Андыктан алар фискалдык органдар бул имаратка кеткен чыгымдарды текшерип чыгуусун талап кылышууда. Ошондой эле, айыл өкмөттүн имаратынын капиталдык ремонту боюнча дагы нааразычылык бар. Жергиликтүү депутаттардын айтымында, оңдоп-түзөө иштеринде эски курулуш материалдары колдонулуп кеткен.