Фарид Ниязов Президенттик аппараттын жетекчиси кызматынан бошотулду

698

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Белгилей кетсек, Фарид Ниязов былтыр 1-декабрда президенттин кеңешчиси болуп, ал эми он күндөн кийин аппарат жетекчилигине келген.

24-февралда Фарид Ниязов өз каалоосу менен кызматтан кетүү ниетин билдирип, бирок мамлекет башчысы аны иштеп турууга чакырганы тууралуу маалыматтар тараган.

Бирок кечээ президент жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Фарид Ниязов — мыкты жетекчи, мамлекеттик башкаруудагы мыкты менеджер экенин белгилеп, бирок анын чечимин сыйлай турганын айткан.