Фейктер боюнча мыйзамды жокко чыгаруу сунушталды (видео)

2329

Социалдык тармактардагы фейктерден коргоо тууралуу мыйзамды жокко чыгаруу керек. Муну адам укуктарын коргоого байланыштуу жыйындын жүрүшүндө укук коргоочу Чолпон Жакупова сунуштады. Айтымында, документ күчүнө киргени менен аны ишке ашыруу боюнча механизмдер жок.

Отурумдун кээ бир катышуучулары болсо бири-бирин кайраштырган, мамлекеттик башкаруу органдарына карата ишенимди төмөндөткөн социалдык тармактардагы фейк аккаунттардын, интернет-троллдордун ишин көзөмөлдөө керек деген кеңештерин беришти.