Ферганада кыргыз-өзбек өкмөт башчылары катышкан жыйын өтүп жатат

665

Фергана шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилери эки өлкөнүн премьер-министрлери баштаган жыйынга чогулду. 29-марттагы бир күндүк жолугушууда ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселеси каралууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Былтыр сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келгенде өкмөт аралык өз ара ымала жөнүндө меморандум кабыл алынган. Макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн чектеш облустардын бийлик өкүлдөрүнүн кеңешин түзүү маселеси каралган. Ферганадагы жолугушуу — ошол кеңештин алгачкы жыйыны.

Бишкек менен Ташкенттин соңку бир топ жылдан бери сууп турган мамилеси Шавкат Мирзиёев Өзбекстанга президент болгондон кийин жанданган. Өзбекстан бир тараптуу жаап, эрежеси катаалдашкан чек ара өткөрүү пункттары ачылып, элдин ары-бери каттоосу жеңилдеген. Чектеш жерлерде делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүү уланууда.

Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары Өзбекстандын Анжиян, Фергана жана Наманган облустары менен чектешет.