Февралда күйүүчү-майлоочу майлардын наркы 4-6 пайызга кымбаттайт

1088

Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти. Маалыматтарга караганда, буга мунай заттарынын дүң баасы өсүп жатканы себеп болууда. Дүйнөлүк рынокто нефтинин наркы акыркы 3 жыл ичиндеги эң жогорку чекке жетип, 1 баррели 69 доллардан жогору болду.

Ошондой эле Россияда өндүрүлгөн мунай заттарына Өзбекстан менен Казакстан тараптан суроо-талап күчөгөн. Ал эми Россиянын өзүндө бензиндин дүң баасы 3-5 пайыз, дизель майыныкы болсо жети пайызга өскөн. Дал ушул көрсөткүчтөрдөн улам, Кыргызстанда дагы күйүүчү майдын баасы 4-6 пайызга кымбаттай турганы белгиленди.

Ошондой эле Нефтетрейдерлер ассоциациясы баа саясатын жөнгө салып, кескин кымбаттоолорго жол бербөөгө аракет кылып жатканын кошумчалады