Филиппинде кымбат баалуу 20 унаа бульдозер менен тебеленди

782

«Аткаминерлерде мындай автоунаалар болбошу керек!» Бул тууралуу айткан Филиппин президенти Родриго Дутерте кымбат баалуу 20 автомашинаны бульдозер менен тебелеп салууга буйрук берди. Рейтерс агенттиги кабарлагандай, ал автомобилдер өлкөгө мыйзамсыз алынып келип, аларды көбүнесе жогорку кызматтагылар минип жүрүшкөн.

Бульдозер алдында Ягуар, BMW, Мерседенс-Бенц, Лексус, а түгүл Шевроле автосу да тебеленди. Алардын жалпы наркы 1,5 миллион долларга жакын. Муну менен президент Дутерте кылмыштуу жана коррупциялык иштерге тыюу салууну көрсөткүсү келген. Дутерте билдирүү жасап, өлкөгө мыйзамсыз кирген бардык унаалар мындан кийин дал ушундай жол менен жок кылынып турарын эскертти.

Ошондой эле, ал көпчүлүккө кайрылып, эгер мындай автомобилдери бар болсо азыртадан металлга тапшырып салууларын айтты. Филиппин президенти өзүнүн курч билдирүүлөрү жана кескин аракеттери менен белгилүү. Ал буга чейин баңгизаттарын сатууга аралашкан аткаминерлерди өз колу менен өлтүрөрүн билдирген.

Ошондой эле, өз армиясы менен полиция кызматына буйрук берип, анда «эгер бийликтен кетпей, диктаторго айланып кетсем, — мени атып салгыла» деп айткан.