Финансы чалгындоо кызматы чечиминен кайтпайт (видео)

750

Банк кардарларынын эсептери жана уячалары боюнча жашыруун каттын коомчулукка жарыяланып кетүүсү иликтенет. Бул тууралуу финансылык чалгындоо кызматынын жетекчилиги билдирди. «Жарышуун» деген гриф-белги коюлган документтин көчүрмөсүнүн интернетте тарап кеткени боюнча мекеме укук коргоо органдарына кайрылды. Финансы чалгынчылары банктарды текшерүү аракетин «Террорчулукту каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамды аткаруу үчүн жасалганын айтышууда.

Бирок өлкөнүн экономика министри мындай жаңжалдын чыгышы инвестиция тартууга, жалпы эле экономика үчүн ыңгайсыз абалды түзүп койду деп эсептейт. Буга чейин айрым депутаттар Финансылык чалгындоо кызматынын аракетин өлкөгө чыккынчылык катары баалашкан эле.