Финансы министрлиги: Чыңгыз Айтматовдун музейи казынадан каржыланбайт

8310

«Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун музейин оңдоого каражат жок». Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдун кайрылуусуна Финансы министрлигинен дал ушундай жооп келгенин эл өкүлү өзүнүн Твиттердеги баракчасына жарыялады.

Депутат буга чейин жазуучунун атындагы үй-музейди оңдоо боюнча өкмөткө кайрылган болчу. Финансы министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музей Маданият маалымат жана туризм министрлигинин карамагында болбогондуктан казынадан каржыланбай турганын белгилеген.

Ошондой эле музейди мамлекетке өткөрүп алууга ири каражат зарыл экенин, ага тиешелүү министрликтин бюджетинин мүмкүнчүлүгү болбогонун билдирген. Бирок Финансы министрлиги маселе маанилүү экенин белгилеп, музейдин курулушун демөөрчүлөрдүн жардамы менен жүргүзүүнү сунуш кылган.

Белгилей кетсек, 2013-жылы Чыңгыз Айтматовдун 1986-жылдан бери жашаган Ала-Арча резиденциясындагы үйү музей болуп түзүлгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.