Финансы полициясы: «Акнетте» рейдерлик басып алуу аракети болгон жок

1247

“Акнет” ишканасына карата ири өлчөмдөгү салык төлөбөгөнү үчүн кылмыш иши козголду. Анын негизинде экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшү кызматы мекеменин башкы кеңсесинде текшерүү жүргүзүүдө.

Бул боюнча Финансы полициясына сот тарабынан уруксат берилген. Компания салыктан качып жатканы боюнча арыз түшүп, анын негизинде «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Мындан улам, финансы полициясынын кызматкерлери буга байланыштуу документтерди издеп жатышат. Ошондой эле, фискалдык орган компаниянын жетекчилигинин рейдерлик басып алуу аракети болууда деген билдирүүсүн четке какты.

Маалыматтарга караганда «Акнет» ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, компаниянын директору Кубан Ажимудинов эки негиздөөчү Руслан Абдумажитов менен Аскар Кутановду башкаруудан четтетип, маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп салган.

Алардын билдирүүсүндө, мекеменин жетекчиси түшкөн кирешелерди, дивиденддерди жана башка финансылык көрсөткүчтөрдү атайылап төмөн жазып, анын негизинде салык жана социалдык төлөмдөрдү аз которуп келген. Мамлекеттик орган тарабынан текшерүү башталганда, азыркы директору тоскоолдуктарды жаратып, маселени саясий өңүттө көрсөтүүгө аракет кылып жатат дешет арызданган тарап.

Кыргызстандыктарга интернет жана кабелдик телекөрсөтүү кызматын сунуштаган «Акнет» ишканасын 1998-жылы 33,33 пайыздык үлүш менен 3 адам түзгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.