Финансы полициясы Бирдиктүү депозиттик эсепке 3,5 миллион сом которду

755

Финансы полициясы коррупцияга каршы күрөшүү өнөктүгүнүн алкагында ачылган Бирдиктүү депозиттик эсепке 3,5 миллион сом которду. Муну менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 2,5 ай аралыгында ал эсепке жалпысынан 162 милллион сом чегерди.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков коррупциялык иштердин бетин ачуудан өндүрүлгөн каражаттарды топтоо үчүн атайын эсеп ачууга буйрук берген. Көп өтпөй өкмөттүн токтому менен Финансы министрлиги тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Ага Башкы прокуратура, Финасылык полиция, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги экономикалык жана кызматтык кылмыштардын бетин ачуунун натыйжасында кайтарылган каражаттарды которушат.