Финансы полициясы Райым Матраимовдун мүлкүн текшерип жатат

948

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун мүлкүн текшерип жаткан финансы полициясында, анын бир тууганы иштейт. Бул боюнча маалыматты мекеменин расмий сайтынан көрүүгө болот. Исламбек Матраимов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын алдындагы коопсуздук жана ички иликтөө башкармалыгынын жетекчиси болуп иштейт.

Белгилей кетсек, Райым Матраимовдун агасы Жогорку Кеңештин депутаты, дагы бир тууганы Тилек Матраимов Кара-Суу районунун акими.

Финансы полициясы Райым Матраимовдун мүлкүн текшере баштаганын кабарлады. Анткени, ал өмүр бою мамлекеттик кызматта жүрүп, байлыкты кантип топтогону көп суроолорду жаратып келет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.