Финансылык пирамиданын торуна илинген кыргызстандыктар (видео)

2091

Финансылык пирамиданын уюштуруучуларына алданып, каражатынан куру жалак калгандардын саны көбөйүүдө. Учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы “Айымдар ордосу” деп аталган компаниядан жабыркагандарды издеп жатат.

Бүгүнкү күнгө карата бул уюмга каршы 30 адамдан арыз келип түшкөн. Маалыматтарга караганда, дал ушул компанияга өлкө боюнча 25 миңден ашуун адам алданган. Бирок так суммасы белгисиз.