Финпол Соттук өкүлчүлүк борборунун ишин текшере баштады (видео)

593

4,5 миллион сомдун чоо жайын иликтөө үчүн Финансы министрлигинде тинтүү жүргүзүлдү. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы өкмөттүн алдындагы соттук өкүлчүлүк борборуна бюджеттен ашыкча каражат которулганын аныктады. Бул мекемеге 1,5 миллион каралганына карабай, 6 миллион сом бөлүнүптүр.

Азырынча иштин көп жагдайлары ачыкталбай жатат. Бир гана финансы министри Бактыгул Жээнбаева суракка чакырылганы ачыкка чыкты. Бирок аткаминер чет өлкөгө иш сапары менен кеткендиктен тергөөчүлөргө барган жок.